Трагикомедия: Беткап кийбеген кардарга алган товарларын ыргытып беришти – видео

7 апреля 2020 17:27 1642 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда социалдык тармактар менен мессенджерлерде дүкөндө болгон окуя тездик менен тарап жатат.

Бир мүнөттөн ашык видеодо сатып алуучу дүкөнгө киргенин бирок, беткабы болбогондуктан аны сатуучулар тейлебейбиз деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Сатуучулардын бири ага алыс турууну буюруп, эмне сатып алгысы келгенин сурап аларды баштыкка салган.

Эң кызыгы кардар акчаны берүүгө келгенде сатып алуучуга аны ыргыткан. Ал жооп иретинде баштыкка салынган азык-түлүктү кардардын колуна берүүнүн ордуна аны көздөй ыргыткан. Бактыга жараша баштыктагы азыктар чачылып кетпей, аны кардар кармап калган.

Видеодон ошондой эле кардардын сатып алган товары канча рубль болгонун дагы угууга болот. Андыктан окуя Россияда болгон болушу мүмкүн деп боолголоого болот.

Коронавирустан улам бир катар мамлекеттерде санитардык-карантиндик режим күчөтүлүп, элди жеке гигиенаны сактап, кишилер менен бир метр аралыкты сактоо сунушталууда. Ири шаарларга өзгөчө абал киргизилип, кишилердин ары-берү жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген.


Ссылка: https://barometr.kg/tragikomediya-betkap-kijbegen-kardarga-algan-tovarlaryn-yrgytyp-berishti-video



Добавить комментарий