Түптө айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт

30 июня 2020 14:52 866 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер - мамлекеттик администрациянын башчысы -аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.

Эскерте кетсек, Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы берген арызынын негизинде 2020-жылдын 24-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

Белгилей кетсек, аталган айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Түп аймактык шайлоо комиссиясында бардык санитардык эрежелерди аткаруу менен өтөөрү айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/tpt-ajyl-kmtnn-bashchysyn-shajloo-tkrlt



Добавить комментарий