Токтоп турган жүк ташуучу унааны Sprinter үлгүсүндөгү унаа сүзүп салып, кырсыктан 36 жаштагы аял каза болду
Поделиться в:
Бүгүн 20-ноябрда таңкы саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүп салды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши 1982-жылы туулган О.А. аттуу жаран каза болуп, 1993-жылы туулган уулу жана 1991-жылы туулган кызы ар түрдүү жаракаттарды алышты. Айдоочу кандай себептер менен сүзүп алгандыгы тууралуу маалымат берилген жок. Учурда бул окуя тууралуу иликтөө жүрүүдө.
Ал эми куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Добавить комментарий ×