Токтогулда дааратканага баласын таштап кеткен кыз зордукталганын айтты
Жалал-Абад областынын Токтогул районунда дааратканадан табылган бала жана анын энеси туугандарынын үйүндө жашап жатышат. Бул тууралуу маалыматты райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан тастыкташканын “Барометр” маалымдайт.
18 жаштагы кыз бала кезинен таежесинин үйүндө чоңойгонун жана 9-класска чейин райондогу мектептердин биринен окуганы белгилүү болду. Андан соң ал Бишкектеги колледждердин бирине окууга кирген.
“Кыз жакындарына караңгыда аны бейтааныш эркек зордуктаганын айткан, ал бул тууралуу эч кимге айта албай жүрө берген. Кыздын жүрүм-туруму тууралуу жакшы сөздөрдү айтып жатышат.Бала менен энеин ден соолугу жакшы жана дайыма көзөмөлдө болушууда”,-деп айтылат маалыматта.
Бул маселе балдар иштери боюнча комиссияда каралат жана документтер даярдалып жатат.
Эскерте кетсек, 11-августта Токтогулда дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-daaratkanaga-balasyn-tashtap-ketken-kyz-zorduktalganyn-ajtty
Добавить комментарий ×