Токтогулда алтынды мыйзамсыз казып алып жатышкан

25 марта 2019 12:26 1340 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы  (Фианасы полициясы) тарабынан Жалал-Абад областындагы алтын кенин мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.   

Финансы полициясынын райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «К.» ЖЧКсына карата Токтогул районунда мыйзамсыз ишкердик кылуу боюнча материал топтолгон.

Тиешелүү текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитети аталган кенде тоо кен иштерин жүргүзүүгө тыюу салганына карабай мыйзамсыз ишкердик кылуу фактысы аныкталды.

Учурда иликтөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-altyndy-myjzamsyz-kazyp-alyp-zhatyshkan



Добавить комментарий