Токмоктогу атышууга 2 күндөн бери эмне үчүн укук коргоо органдары унчукпайт? Чүй ОИИБиси жооп берди

29 января 2019 11:01 1973 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жабырлануучу тараптан арыз түшмөйүнчө биз мыйзам түрүндө эч кимди суракка жана камакка ала албайбыз. Мындай жооптуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын орун басары Бакытбек Нарчаев бүгүнкү Токмоктогу атышуу боюнча пресс-жыйында айтты. 

"Эки күндөн бери интернетте ызы-чуу болуп жаткан Токмоктогу атышуу боюнча эмне үчүн милиция тиешелүү чечимдерди кабыл албайт, убагында келбейт деген суроолор коомчулукта жана журналисттерде пайда болду. Баарыңарга жооп иретинде айтып кетем, биз жабырлануучу тараптан арыз түшмөйүн ишти козгой албайбыз. Учурда Дастан арыз жазды. Арыздын негизинде тиешелүү документтерди топтоп, иликтөө башталды"-деп билдирди полковник. 

Анын айтымында, Дастандын арызы менен Аскаттын үстүнөн иш козголуп, бүгүнкү күндө издөө жарыяланды. Ошондой эле, Аскат аттуу жаран келип, Дастандын үстүнөн арыз жазса аны да камайбыз. Андан сырткары, аткезчилик боюнча бир топ фактылардын үстүнөн иш козголуп, бул боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат деп кошумчалады.

Окуя кандайча болгон? 

Дастан жана Кубан аттуу адамдар көп жылдардан бери "Чемпион" каймана аты менен белгилүү болгон депутат Бахтияр жана Аскат аттуу жаңы аткезчилерди "каттоого" алуу үчүн жолугушкан. Анда Дастан жана Кубан унааларды текшерүүчү көзөмөл-өткөрүү пунктунан жаңы аткезчилерге баш ийген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун ур-токмокко алган. Жагдайды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге Бахтияр менен Аскат аттуу жарандар келип ортодо мушташ чыгып, курал да колдонулган. Алгачкылардан болуп Дастан аттуу жаран ок чыгарган, кийин Кубан деген киши да ок чыгарган. Кийин эки тарап тең унааларын таштап, окуя болгон жерден изин жашырышкан. Дастан аттуу жаран каршылаштарынын унаасынын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып кеткен.



Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogu-atyshuuga-emne-chn-ukuk-korgoo-organdary-unchukpajt-chj-oiibisi-zhoop-berdi



Добавить комментарий