Токмоктогу атышуу боюнча 6 укук коргоо кызматкерине чара көрүлдү
Токмоктогу атышууга байланыштуу Октябрь РИИБинде иштеген 6 кызматкерге кызматтык чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов бүгүнкү 5-февралда өтүп жаткан ИИМдин пресс-жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал эми буга кошумчалап, министр Кашкар Жунушалиев бул иш боюнча териштирүү болуп жаткандыгын баса белгилеп кетти.
"Токмоктогу атышуу жана контрабанда боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Күнөөлүүлөр өз жазаларын алышат. Иликтөөнүн жыйынтыгын дагы ЖМКларга жиберебиз. Ал эми тиешеси бар кызматкерлерге кызматтык териштирүү жүрүп жатат"-деди.
Эске салсак, 25-январь күнү Токмоктогу көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жерде Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Милициянын маалыматына караганда, чыр товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү учурунда акча маселесинен улам чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам октон жаракат алып ооруканага жатышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogu-atyshuu-boyuncha-6-ukuk-korgoo-kyzmatkerine-chara-krld
Добавить комментарий ×