Токмок шаарындагы супермаркетке атчан кирген жаран табылды
Чүйдүн Токмок шаарындагы супермаркетке минген аты менен кирген жарандын ким экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Чүй областынын шаардык милициясы билдирди.
Кечээ социалдык тармактарда минген тулпары менен супермаркетке кирүүгө аракет кылган жарандын видеосу тараган.
Маалыматта аталган жарандын мас абалда экени айтылат. Чүйдүн шаардык милициясынын жүргүзгөн териштирүүсүнүн натыйжасында ал Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Ал мас абалда экенин, учурда жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын айткан. Ага карата коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкен, мас абалда коомдук жайларда болгон, адамдык ар намыска шек келтирген деген сыяктуу беренелер боюнча протокол толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmok-shaaryndagy-supermarketke-aty-menen-kirg-araket-kylgan-zharan-tabyldy
Добавить комментарий ×