Тогуз-Тородо районуна төрт блокпост коюлду
Тогуз-Торо районунун аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында 4 жерге санитардык-карантиндик эпидемиялык посттор коюлуп, тиешелүү кызматтардан жалпы 18 кызматкер кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери район тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Атуулдарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги, өздүк гигиенаны туура сактоо эскертилип жатат. Муктаждык жаралган учурларда ар дайым беткап тагуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Жарандарга ооруканага, дарыканага жана азык-түлүккө баруу үчүн гана көчөгө чыгып, калган убакыттарда үйдө отуруу керектиги айтылууда.
Белгилей кетсек, учурда Тогуз-Торо районуна Нарын областы тарабынан гана кирүүчү унаажолу ачык. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаажолу ашуудагы карга байланыштуу убактылуу жабылган. Бул жол май айларына барып ачылаары белгилилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/toguz-torodo-blok-postordo-18-kyzmatker-ishteshd
Добавить комментарий ×