Түндүк Кореянын өзөктүк куралы дагы талкууланат. АКШ лидери Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Вьтенамга барды
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 27-28-февралда экинчи жолу Вьетнамда жолугушат.
Тараптар биринчи сүйлөшүүдөй эле Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартышын талкуулайт. Эки лидер биринчи жолу былтыр 12-июнда Сингапурда жолугушуп, АКШ коопсуздукка кепилдик берсе, Түндүк Корея өзөктүк куралдарын жок кылууга милдеттүү болоору тууралуу келишимге кол коюшкан. Бирок көп өтпөй маалымат каражаттары Пхеньян өзөктүк курал чыгарууну улантып жатканын кабарлашкан.
Ким Чен Ын Вьетнамдын Кытай менен чектешкен шаарына чейин поезд мененк келип, андан ары жеке унаа менен жолун улантканы айтылды. Ал эми АКШнын лидери Трамп 26-февралда Ханойдун Нойбай аэропортуна конду.
Лидерлердин жолугушуусуна ылайык Вьетнамда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Добавить комментарий ×