Трамп менен Ким Чен Ын сүйлөшүүдө
Трамп менен Ким Чен Ын сүйлөшүүдө. Ушул тапта Сингапурда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өтүп жатат.
Жолугушуу Сентоза курорттук аралындагы Капелла беш жылдыздуу отельлинде өтүүдө. Көптөн бери күтүлүп жаткан бул сүйлөшүү «тарыхый» деп мүнөздөлүүдө. Буга чейин Америка менен Түңдүк Кореянын ортосунда "тынчтык"сүйлөшүүлөр болгон эмес. Алар аталган өлкөгө жекшембиде учуп барышкан.
Трамп менен Ким кол кармашып учурашты. Андан ары алар котормочулардын катышуусу менен жеке жолугушууга өтүштү. Салтка ылайык, бул сыяктуу иш-чараларга АКШ президентинин жардамчыларынын бири катышышы керек эле. Алар котормочулары менен гана калышкан. Эки лидердин биринчи жолугушуусу 35 мүнөткө созулду.
Түштөнүү маалында аларга эки өлкөнүн тең делегация өкүлдөрү кошулду. Америкалык тараптан — Мамлекеттик катчы Майк Помпео, президенттик администрациянын башчысы Жон Келли, президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана АКШнын Филиппиндеги элчиси бар.
Бул саммитте расмий Пхеньяндын өзөктүк курал маселеси жана Корей жарым аралындагы денуклеаризация аракети талкууланганы турат..
Трамп саммитти Түндүк Корея үчүн «бир жолу гана берилүүчү мүмкүнчүлүк» деп атаган. Айрым серепчилер бул жолугушууну Түндүк Чыгыш Азияга оң таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешүүдө.
Азырынча Түндүк Корея кандай шарттарды коеру так белгисиз. Президент Дональд Трамп эгер сүйлөшүү ойдогудай жүрбөсө, саммиттен чыгып кетерин эскерткен.
Ссылка: https://barometr.kg/tramp-menen-kim-chen-yn-sjlshd
Добавить комментарий ×