Түндүк Корея Токио Олимпиадасына спортчуларды жиберүүдөн баш тартууда

6 апреля 2021 14:02 3019 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк Корея Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиадага катышпайт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Олимпиадалык комитетинин сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, мындай чечим 25-мартта Пхеньянда өткөн Спорт министрлиги менен Кореянын Олимпиадалык комитетинин биргелешкен жыйынында кабыл алынган.

Кореянын расмий өкүлдөрү өз билдирүүсүндө Олимпиададан баш тартуусун "спортчуларды коронавирустан коргоо максатында жана өлкөгө жайылтпоонун алдын алуу үчүн" деп белгилешкен. 

Белгилей кетсек, коронавирус илдетинин бир дагы учуру Түндүк Кореяда расмий катталган эмес.

Түндүк Корея 1988-жылдан бери биринчи жолу Олимпиадага катышуудан баш тартып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-koreya-tokio-olimpiadasyna-sportchulardy-zhiberdn-bash-tartuuda



Добавить комментарий