Түндүк Корея менен Түштүк Корея телефон байланышын калыбына келтиришти

27 июля 2021 10:56 477 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдан баштап телефон байланышын үзүп ташташкан эки өлкө-Түндүк Корея менен Түштүк Корея аны кайрадан калыбына келтиришти. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 14 ай токтогон байланыш 27-июлда калыбына келтирилди. 2020-жылдын 9-июнунан тартып бул мамиле токтотулган болчу.

Түштүк Корея менен Түндүк Корея 27-июлда саат 10.00дө алгачкы телефон чалууну калыбына келтиришти.Эки өлкөнүн ортосундагы байланышты калыбына келтирүү мамлилелерге оң таасир берет деген ойдобуз”,-деп билдиришти Түштүк Кореянын президентинин администрациясынан.

Эскерте кетсек, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Түштүк Кореянын Пхеньянга каршы активисттери Түндүк Кореяга үгүт баракчалары менен материалдарды жөнөткөндөн кийин курчуп кеткен. 9-июнда Түндүк Корея Түштүк менен байланышты, анын ичинде жогорку жетекчилик менен аскер каналдарын кошуп телефон чала албагандай кылып токтотконун жарыялаган. 16-июнда Түндүк Корея Кэсондогу координациялык бюрону жардырып жиберген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-koreya-menen-tshtk-koreya-telefon-bajlanyshyn-kalybyna-keltirishti



Добавить комментарий