Ким Чен Ын Түндүк Кореяда “чоң кризис” башталганын билдирди
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкөдө коронавируска байланыштуу маселе бар экенин мойнуна алды. Бул тууралуу чет элдик массалык каражаттарына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Эмгек партиясынын саясий бюросунун жыйынында түндүк кореялык лидер аткаминерлерди “жарандарды пандемиядан коргой албай калдыңар жана анын кесептинен “улуу кризиске” алып келдиңер”, - деп күнөөлөдү.
Кризис канчалык деңгээлде экенин жана чиновниктер элге эмнеден жардам бере албай калышканын Ким Чен Ын ачыктаган жок. Бир нече кызматкердер дал ошол съезд өтүп жаткан учурда кызматтан кетишти.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түндүк Кореядан өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдай тууралуу маалыматты эмдигиче ала алган жок.
Буга чейин Ким Чен Ын партияны жана өлкөнүн жашоочуларын “Кыйын кезеңге”даяр болууга чакырган. Өлкөдө 1990-жылдарда болгон экономикалы кризис менен катуу ачарчылыкты ушинтип аташат.
Ссылка: https://barometr.kg/kim-chen-yn-tndk-koreyada-cho-krizis-bashtalganyn-bildirdi
Добавить комментарий ×