“Түндүк электр” ишканасы: “Январь айында өлкөдө электр энергиясы үнөмдөлдү”

11 февраля 2019 11:38 2468 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Январь айында электр энергиясы 39,7 миллион кВт. саат же 5,3 %га үнөмдөлдү.  Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы Вarometr.kg сайтына билдирди:

“Жалпысынан абоненттер бир ай ичинде 707 миллион кВ саат электр энергиясын колдонушкан. Салыштырсак, 2018-жылы ушул маалда “Түндүк электр” ишканасынын абоненттеринин керектөөсү 799,6 миллион кВт.саат болгон.

Кыргызстандын борборунда январь айында 22,4 млн. кВт.саат же 6,4% электр энергиясы үнөмдөлгөн. Бишкектиктер пландалган 347,8 млн. кВт.саат электр энергиясынын 325,4 млн. кВт.саатын колдонгон” – деп баяндап берди.

Кошумчалай кетсек Чүй облусунун колдонуучулары 16,5 млн. кВт.саат же 4,8 пайыз электр энергиясын үнөмдөсө, Талас облусунун жашоочулары 764 миң кВт.саат үнөмдөгөн. Алсак, Чүй облусу каралган 341 млн. кВт.саат электр энергиясынын 324,6 млн. кВт.саатын колдонсо, таластыктар пландалган 57,8 млн. кВт.сааттын, 57 млн. кВт.саатын эле колдонушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasy-yanvar-ajynda-lkd-elektr-energiyasy-nmdld



Добавить комментарий