Түлөбаев кызматтык унаасын сатып, тез жардам унаасын алат

6 августа 2020 09:19 1464 Barometr
Поделиться в:
ok

Балбак Түлөбаев кызматтык унаасын сатып, ордуна тез жардам унаасын алат. Бул тууралуу анын сөзүнө таянып «Барометр» билдирет.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарына тез жардам унаасын сатып алуу үчүн кызматтык унаалардын бирин сатуу же алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

«Бир унааны кызматтык унаа катары калтырат. Ал эми экинчи унаанын маселеси чечилүүдө», - деди ал.

Ал ошондой эле, учурдагы кырдаалга байланыштуу кызматтык унааны мыйзам чегинде тез жардам унаасына алмаштыруу каралып жатканын билдирди.

«Мен муну тез жана мыйзамдуу түрдө кантип жасоо керектиги боюнча тапшырма бердим. Эгер аны сатсак, алган акчабызды тез жардам машинасын сатып алууга жумшайбыз. Балким, кимдир бирөө биз менен алмашкысы келет. Бул маселе күн тартибинде», – деди Түлөбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/tlbaev-kyzmattyk-unaasyn-satyp-tez-zhardam-unaasyn-alat



Добавить комментарий