Бишкекте жүрүү үчүн уруксаттарды алуу үчүн райондук ИИБге кайрылуу керек
Борбор калаанын комендатурасы Бишкек шаарынын өзгөчө абал маалында жөө жана автоунаа өткөрмөктөрүн берүү жөнүндө жарандардын арыздарын кабыл алуу боюнча өзгөртүүлөрдү кабарлайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз борбору билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 24-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” борбордогу өзгөчө абал учурунда тартипке келтирүү максатында, жөө жана автоунаа жүрүүчүлөрүнө өткөрмөктөр Бишкек шаарынын райондордун Ички иштер башкармалыгынан берилет.
Жарандар жана юридикалык жактар жөө жана автоунаа менен жүрүү үчүн өткөрмөктөрдү алуу үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарына катталаган жери боюнча кайрылса болот.
Андан сырткары санариптештирүүнүн алкагында электрондук системадагы пропусктарды берүү планы иштелип чыгууда, анда каалоочулар үйүнөн чыкпай эле катталса болот. Кошумчаласак, 1312 номеринде өткөрмөккө тиешелүү суроолорго жооп беришет.
Ссылка: https://barometr.kg/tkrmktrd-aluu-chn-rovdga-kajrylsa-bolot
Добавить комментарий ×