Өткөрүү пунктарындагы аскерлерге коргоочу кийимдер берилди - сүрөт

1 апреля 2020 17:47 1051 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарында министрдин орун басары Равшан Рысбаев өткөрүү пунктарындагы аскер кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн тигилген коргоочу-жамынуучу кийимдерди бөлүштүрүүнү уюштуруп, таркатылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.    

Аталган иш-чара Республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу максатында болуп жатат.

Кыргызстандагы санитардык-карантиндик жана блокпосттордо иш алып барып жаткан күч түзүмдөрү жана медицина кызматкерлер 857 даана бирдиктүү жеке коргоочу костюмдар менен камсыздалышты.

Буга чейин ӨКМ муктаж адамдарга гуманитардык жардамдарды дагы берген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/tkr-punktaryndagy-askerlerge-korgoochu-kijimder-berildi



Добавить комментарий