Өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталып, бир жаран жабыркады
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Жеңиш жаңы конушунун 19 жаштагы тургуну өрттөн жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, конуштун Эркиндик көчөсүндө устуну жыгач, чатыры темир менен жабылган 85 чарчы метр турак үй өрткө кабылган. Өрттүн кесепетинен 19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.
Кырсыктан үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ал эми Бишкек шаарынын Ленин районунун Жал кичи районунда турак үйдөн өрт чыкандыгы жөнүндө келген маалымат тастыкталган эмес.
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/tkn-sutkada-11-rt-kyrsygy-kattalyp-bir-zharan-zhabyrkady
Добавить комментарий ×