Тимати Бишкекте бекер таратылган «Black Star Burger» тууралуу: "Биз 3 жыл мурун мындайды элестете алат белек?"

26 марта 2019 14:10 12413 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 25-мартта Бишкекте ырчы Тиматинин «Black Star Burger» ресторанынын ачылышы болуп өттү. Маалым болгондой ресторандын расмий ачылышына Тимати өзү келип катышып жалпы конокторду бекер гамбургер менен сыйлоого убада берген эле.

Тимати кечки саат 18:00гө келээри айтылган менен ал бир сааттай убакыт кечигип келди, ал эми концертке келген эл түшкү саат 12ден баштап эле чогула баштады.

Расмий ачылыш учурунда чындыгында Тимати өз колу менен бургер жасап коноктторго таратты, бирок баардыгына эмес. Тилеке каршы адаттагыдай эле көпчүлүк ызы-чуу түшүп чоң бир тартипсиздик орун алды десек да болот. Жаш балдар жоголуп, айрымдар көпчүлүктүн арасында тепсендиде калып, буюмдарын, акчаларын уурдаткандар да катталганы айтылууда.

Бул чоң ачылыш тууралуу Тимати да өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына таң калганын жазып чыкты. Ал өз постуна:

"Бишкек! "Азия Молл" соода борборунун аянты. 20 миңге жакын адам «Black Star Burgerдин» расмий ачылышы. 3 жыл мурун биринчи ачылып жатканда мындайды элестете алат белек?", -деп жазып койду.

Интернет булактарында көпчүлүк ал жерге баргандар "бекер бургер" жегенге барышты деп талкууга алышууда. Бирок Тиматинин пикир калтыруу бөлүмүнө көпчүлүк "Адамдар ал жака ырчынын күйөрмандары болгону үчүн барышты" деген пикирлерин жазып калтырышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/timati-bishkekte-beker-taratylgan-black-star-burger-tuuraluu-biz-3-zhyl-murun-myndajdy-elestete-alat-belek



Добавить комментарий