ТИМ: коронавирус чыккан мамлекеттерде оору жуктурган кыргызстандыктар жок

18 марта 2020 12:21 759 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов коронавирус катталып жаткан мамлекеттерде оору жуктурган кыргызстандыктар жок экенин маалымат жыйында билдирди.

“Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча коронавирус табылган чет мамлекеттерде ооруга чалдыккан кыргызстандыктар жок”, — деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан 7 865 киши каза болду. Ал эми оору 191 857 кишиге жукту.

Коронавирус жуккан учур Кыргызстанда дагы катталды. Саламаттык сактоо министринин маалыматы боюнча алардын саны — үч.

Ссылка: https://barometr.kg/tim-koronavirus-chykkan-mamleketterde-ooru-zhukturgan-kyrgyzstandyktar-zhok



Добавить комментарий