Тилек Токтогазиев: Мен жөнүндө айтылган ушактарга ишенбегиле

2 февраля 2021 17:20 9968 Barometr
Поделиться в:
ok

Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев коомчулукту ал жөнүндө айтылып жаткан ушак кептерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу Токтогазиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!

Колдооңуздарга чоң рахмат.

Сиздердин ар бир айтылган жылуу сөзүңөр, колдоо максатында жазган каттарыңар жана чалууларыңар демиме дем кошту. Бул мен үчүн абдан жагымдуу.

Министр катары жумушка киришкен күнү, мен сиздерге отчет берем деп убада бергем, андыктан, эртең 100 күндүн ичинде биздин команда кандай ири долбоорлорду ишке ашырганын айтып берүү үчүн пресс-конференция беребиз. Баса, азыр мен жөнүндө, министрлик жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат.

Сиздерди ишенимдүү булактардын такталган маалыматтарын гана окууга чакырам”, - деп жазды ал.

Эске сала кетсек, бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы сунушталган. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына Тилек Токтогазиев кирген эмес. 

Ссылка: https://barometr.kg/tilek-toktogaziev-men-zhnnd-ajtylgan-ushaktarga-ishenbej-taktalgan-maalymattardy-gana-okuuga-chakyram



Добавить комментарий