Террордук уюмдун пропагандасын уюштурган киши кармалды - сүрөт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөргөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 1996-жылы туулган Ю.М. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган жаран 2019-жылдын аягында Сирия аркылуу эл аралык террористтик уюмдун катарына өтүүнү пландаштырып, Кыргызстандан чыгып кеткен.
“Ал кайра эл аралык террордук уюмдун тапшырмасы менен кайрадан КРга келип, алардын пайдасына пропагандалык ишти уюштурган”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/terroristik-uyumdun-propagandasyn-uyushturgan-kishi-karmaldy
Добавить комментарий ×