Банкрот ишканалар тууралуу маалымат алмашуу СМЭВ “Түндүк” аркылуу жүрөт

4 августа 2020 11:39 1004 Barometr
Поделиться в:
ok

Банкрот ишканалар тууралуу мамлекеттик органдардын – Юстиция министрлигинин, соттордун жана башка мекемелердин маалымат алмашуулары СМЭВ “Түндүк” аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргызстанда эки жылдан бери өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ иш-чаралар аткарылып келе жатат. Министрликтин бул жаатта аткарган көп иштеринин бири, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруудагы “Жол картасынын” 2-пунктунун 2.1 подпунктун аткаруу максатында, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө кагаз түрүндө маалымат берүүнү жокко чыгаруу жана зарыл болгон маалыматтарды “Түндүк” СМЭВ аркылуу берүү ишке ашырылып жатат.

Дегеле банкрот ишканалар тууралуу мамлекеттик органдардын – Юстиция министрлигинин, соттордун жана башка мекемелердин маалымат алмашуулары СМЭВ “Түндүк” аркылуу жүргүзүлүп келүүдө. Булардан тышкары бардык кызыккан тараптар маалыматты ушундай жол менен ала алышат.

Ушул максатта Экономика министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаментинде карыз-банкроттордун автоматташтырылган системасы жана департаменттин сайт-визиткасы иштелип чыккан.

Бул автоматташтырылган системанын максаты – мамлекеттик сатып алуулардын порталындагы тендерлерге катышуу үчүн жана банкрот ишканалар боюнча кагаз түрүндө маалымдама сурап билүүлөрдү жокко чыгаруу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө Экономика министрлигинин алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментте карыз-банкроттор тууралуу автоматташтырылган система жана сайт тесттик режимде иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tenderler-mamlekettik-zhana-municipaldyk-kyzmat-krstlr-tndk-arkyluu-ishke-ashyryluuda



Добавить комментарий