Телефон аркылуу нике кыйдырса болобу?
Телефон аркылуу алыстан нике кыйдырса болбойт. Шарият боюнча мындай никелер Кудай алдында кабыл болбосу айтылат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгынын сайтына жарыяланды. Ал эми Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Barometr.kg сайтына нике тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Алыстан интернет аркылуу же телефон сүйлөшүүлөр аркылуу нике кыюуга шариятыбыз жол бербейт. Себеби, нике кыйылып жатканда күбөлөрдүн болушу шарт. Үйлөнүп жаткандар бири-бирин көрүп олтуруусу керек. Никенин шарттары бар. Биринчиси - мусулман кыздын мусулман эркек менен үйлөнүүсү. Мусулман эмес эркек менен үйлөнө албайт. Үйлөнүүгө чечим чыгарар замат ыйманы кетет. Себеби, Аллах Таала: "Үйлөнүүгө болбойт”, - деп буйрук кылууда. Үйлөнгөн адам бул буйрукту моюндабаган болот. Теңи деген сөз– Ханафиде текте, байлыкта, динде жана кадыр-баркта бири-бирине тең болуу деген сөз. Кыз менен эркектин дин билими, диндарлыгы, тектүүлүгү, аброю жана байлыгы жагынан тең болуулары керек. Тең болуу эркектин салих мусулман болуусу, Ахли сүннөт ишениминде болуусу, намаз окуусу, ичкилик ичпөөсү, Исламиятка баш ийүүсү жана нафаканы камсыздай ала турчу жумуш ээси болуусу деген сөз. Никенин экинчи шарты болсо – күбөлөрдүн болуусу. Ханафиде күбө катары акылга толгон жана балакатка жеткен мусулман эки эркек же бир эркек менен эки аялдын болуусу керек. Кичине бала менен акылсыз адамдын күбөлүгү кабыл болбойт.
Никенин үчүнчү шарты – "тийдиңби?”, "алдыңбы?” деген сунуш менен "тийдим” жана "алдым” деген кабыл кылуу сөздөрү менен келишим кылуу.
Бул үч шарт орундалса нике сахих болот. Махр сүйлөшүлбөсө да нике сахих болот, бирок, никеде махр белгилениши керек. Абалга карап махр аз же көп суралса болот. Махр берүү важиб. Пайгамбарыбыз: "Махр бербөө ниети менен никеленген адам Кыяматта уурулар менен хашр кылынат (тирилтилет)”, - деп буюрган. Андыктан, экөөнөн тең үч жолу өзүнчө-өзүнчө сурайт жана "Ооба, кабыл кылдым” деген жоопту алгандан кийин: "Мен дагы никеңерди кыйдым”, - дейт. Ушундан кийин никени бекемдөөчү дуба окулат. Азыр көптөрү алыстан эле кыйдыртып алдык деп жатышпайбы. Мындай нике шариятка туура келбейт-деди Бактияр ажы.
"
Ссылка: https://barometr.kg/telefon-arkyluu-nike-kyjdyrsa-bolobu-buga-muftiyattyn-zhoobu
Добавить комментарий ×