ТЭЦти модернизациялоо боюнча сотто бүт зал Артыкбаевди камактан бошотууну суранууда

6 июня 2019 18:00 4672 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 6-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунун жыйынында бүтүндөй зал парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугунун начарлашына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды.

Жактоочулар жана айыпталып жаткан тараптар бир ооздон судьядан Артыкбаевди камактан бошотууну суранышты.

“Ооруп жатканы көрүнүп турат, аны ар бир процесске коляска менен алып келип жатышат. Аны кантип камакка кармоого болсун! Ал ал тургай өз алдынча жүрө албайт, ага күзөттүн эмне кереги бар”,-деп нааразы болушту процесстин катышуучулары.

 Буга чейин анын жактоочусу Нурлан Садыков Артыкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Адвокат Нурлан Садыков соттун көңүлүн  кооптуулук жаратып жаткан Артыкбаевдин ден соолугунун абалына бурган.

"Биз ишин коргоп жаткан адамдын ден соолугунун абалына тынчсызданып жатабыз. Артыкбаев камакта жаткандан бери омуркасынан эки жолу олуттуу оперция болду. Артыкбаевге дарыгерлер өрчүп бара жаткан стенакардияга диагноз коюшту, жүрөк оорусуна байланыштуу дарыгерлер Артыкбаевдин саламаттыгына кооптонушууда, анын абалы начарлап кетти. Мыйзамдын нормалары Артыкбаевди мындай абалында камакта калтырууга тыюу салат. Анан калса аны камакта кармоого негиз жок, Артыкбаев башынан эле өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө ниеттенгенин айткан жана тергөөгө тоскоолдук кылган эмес”,-деп белгилеген жактоочу.

Эскерте кетсек, Артыкбаев ден соолугунун абалына байланыштуу өз алдынча жүрө албайт, аны сот процессине медициналык колясканын жардамы менен алып келишүүдө.

Судья чечим кабыл ала элек. Кошумчалай кетсек, Артыкбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/tecti-modernizaciyaloo-boyuncha-sotto-bt-zal-artykbaevdi-kamaktan-boshotuunu-suranuuda



Добавить комментарий