Бишкек шаардык соту ТЭЦ боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды

23 марта 2020 14:35 1955 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы бүгүн, 23-мартта ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу өкүм чыгарды.

Сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Соттун өкүмү боюнча айыпталуучуларга чыккан өкүм:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жыл эркинен ажыратылды.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга кесилди.

Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылды.

“Электр станциялары” ААКтын мурдагы башчысы Салайдин Авазов 11 жылга кесилди.

Бишкек шаардык соту ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун мурдагы жетекчиси Темирлан Биримкулов (2,5 жылды ал отуруп чыкты деп саналат) боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

“Электр станциялары” ААКтын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровго дагы мурдагы айыбы калтырылды. (2,5 жылды ал отуруп чыкты деп саналат)

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова 1 миллион сом айыпка жыгылды.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 5 миллион сом айып төлөйт.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sotu-tec-boyuncha-ajyptaluuchularga-km-chygardy



Добавить комментарий