ТЭЦ иши: Артыкбаевдин саламаттыгына байланыштуу адвокат камоодон бошотууну сурады

6 июня 2019 13:36 6030 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо маалында парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылды.

Адвокат сотто Артыкбаевдин саламаттыгы начарлаганын эскертип өттү. 

Адвокат Нурлан Садыков соттун көңүлүн  кооптуулук жаратып жаткан Артыкбаевдин ден соолугунун абалына бурду. 

"Биз ишин коргоп жаткан адамдын ден соолугунун абалына тынчсызданып жатабыз. Артыкбаев камакта жаткандан бери омуркасынан эки жолу олуттуу оперция болду. Артыкбаевге дарыгерлер өрчүп бара жаткан стенакардияга диагноз коюшту, жүрөк оорусуна байланыштуу дарыгерлер Артыкбаевдин саламаттыгына кооптонушууда, анын абалы начарлап кетти. Мыйзамдын нормалары Артыкбаевди мындай абалында камакта калтырууга тыюу салат. Анан калса аны камакта кармоого негиз жок, Артыкбаев башынан эле өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө ниеттенгенин айткан жана тергөөгө тоскоолдук кылган эмес”,-деп белгилеп өттү жактоочу.

Эскерте кетсек, Артыкбаев ден соолугунун абалына байланыштуу өз алдынча жүрө албайт, аны сот процессине медициналдык колясканын жардамы менен алып келишүүдө.

Судья Инара Гилязитдинова адвокаттын өтүнүчүн тыныгуудан кийин кароону чечти.   

Эскерте кетсек, адвокат Артыкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган сайын, бүтүндөй зал аны кое берүүнү сурап келет.

Буга чейин акыйкатчы да парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга чейинки сот жыйынында омбудсмен Артыкбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, анткени анын саламаттыгы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатканын айтып соттон өтүнгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tec-ishi-artykbaevdin-salamattygyna-bajlanyshtuu-advokat-kamoodon-boshotuunu-surady



Добавить комментарий