Тажикстандын түндүгүндө жер көчкүнүн кесепетинен беш адам каза болду

19 мая 2021 11:16 3370 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Тажикстандын түндүгүндө жер көчкүнүн кесепетинен беш адам каза болду. Алардын үчөө балдар болгон. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфиге шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

"Каргашалуу окуя Согди облусунун Деваштич районунда болуп, жер көчкү үйдү басып калган. Натыйжада беш адам, анын ичинде үч бала каза болгон. Көчкү бакчанын туура эмес сугарылышынан улам келип чыккан. Жер көчкү үйдүн дубалын жарып, андан кийин чатыры кулап түшкөн. Каза болгон аялдар 23 жашта болчу. Жер көчкү үч кичинекей баланын өмүрүн алды", - деди Юсуфи.

Эске салсак, кечээ,18-майда Тажикстандын Согди облусунун Деваштич районунда жер көчкү катталган. Анын кесепетинен беш адам набыт болду.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-tndgnd-zher-kchknn-kesepetinen-besh-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий