Тажикстандын кыргыз чек арасына жакын аймагында кайрадан жер титиреди
Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына жакын аймагында жер титиреди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жер титирөө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон.
Жер титирөөнү 29-мартта 11:22де Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «SOME» ЖЧКсынын сейсмикалык станциялар тармагы каттаган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон. Жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жеткен.
Эске салсак, буга чейин Ооганстанда күчү 7,8 жана 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, аны өлкөнүн түштүк аймагы сезген.
Пакистанда бул жер титирөө эки адамдын өмүрүн алган. Жер титирөө Өзбекстанда жана Орто Азиянын башка республикаларында да сезилген.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-kyrgyzstandyn-chek-arasyna-zhakyn-ajmagynda-kajradan-zher-titiredi
Добавить комментарий ×