Тажикстанда "кыздык белги" жөнүндөгү талаш токтой элек

29 мая 2018 22:00 2145 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстанда күйөөгө чыкчулардын “кыздык белгисинин” бар-жогун алдын ала медициналык жактан текшерүү натыйжа бере элек. Акыркы төрт айда эле Хатлон шаарында 12 келиндин "аруулугун" кайрадан текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Хатлон облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Суннатулло Зугуров билдиргендей, бул жараян кыздардын басмырлануусуна, психологиялык жактан жабыркоосуна алып келет.

28 жаштагы Майсара 14-апрелде турмушка чыккан, бирок күйөөсү анын “кыздыгынан” күмөн санап, эки жолу медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлаган. Эки текшерүү тең Майсаранын “аруу” экенин далилдеген. Күйөөсүнүн көңүлү жайланып калган, бирок мындай шылдыңдоодон кийин кыз аны менен жашоону каалаган эмес.

«Жалган жалаа менен башталган жашоо – жашоо эмес. Минтип өмүр сүргүм келген жок. Жолдошум менден күмөн санап, апамдын, эжелеримди алдында уят кылды. Мен анын тизесине жыгылып, ак экенимди айттым. Эки жолу мени экспертизага алып барды», - деди ал.

Тажик коомчулугунда никеге чейинки жыныстык катнаш тууралуу ачык сөз кылуу мүмкүн эмес. Актыгы шек жараткан келиндер өмүр бою кодуланып, басмырланып өткөн учурлар арбын кездешет.

Былтыр Тажистанда 18 жаштагы келин жолдошунун "абийири жок келген" деген айыптоосунан кийин жанын кыйган. Бул факт боюнча анын күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголуп, 7 жылга түрмөгө кесилген.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-kyzdyk-belgi-zhnndg-talash-toktoj-elek



Добавить комментарий