Тажикстанда Facebook, Одноклассники тармактары менен "YouTube" видеохостинги чектөөгө алынды
Поделиться в:
Тажикстанда Facebook, Одноклассники тармактары менен YouTube видеохостинги чектөөгө алынды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Ал эми Тажикстандын Байланыш кызматы түзүлгөн кырдаал боюнча пикир айтуудан баш тартып, Бирдиктүү байланыш борборуна кайрылууну сунуштаган.
"Биз кардарларыбызды интернет менен гана камсыздай алабыз. Сайттарды жаап, тосуп салуу же аны кайра ачуу бизге байланыштуу эмес", — деген РИА Новостиге Бирдиктүү байланыш борборунун өкүлү.
Маалыматка ылайык азыркы учурда аталган сайттардан сырткары, "Viber", "What's App" жана Telegram мессенджерин колдонууга мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Добавить комментарий ×