Афган бийлиги талибдер басып алган райондорду кайра кайтарып алууга камынууда

28 июля 2021 10:55 1572 Barometr
Поделиться в:
ok

Афганистандын армиясы жакынкы мезгилде өлкөдөгү «Талибан» кыймылы басып алган аймактарды кайрадан кайтарып алууга даяр. Бул тууралуу Афганистандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мохаммади билдиргенин Tolo News булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

“Биз чабуул жасаганга күчтөрдү даярдадык. Алар айрым райондорду кайра каратып алышты”,-деп айтты аскер башчысы журналисттерге. Ал талибдер согуш аракеттерин катуулатканы менен өкмөттүк күчтөргө туруштук бере албай жатканын кошумчалады.

Буга чейин афган армиясы жоочулардан Балх провинциясынын борбордук району болгон Калдар шаарын кайтарып алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/afgan-bijligi-talibder-basyp-algan-rajondordu-kajra-kajtaryp-aluuga-kamynuuda



Добавить комментарий