Тажикстан, Иран, Исландия, Словения жана Израилдин элчилери Жээнбековго ишеним грамоталарын тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан, Иран, Исландия, Словения жана Израилдин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын аткарган иши жана кесиптик тажрыйбасы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берип, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштардын бекемделишине жакшы таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.
Ар бир элчи менен маектешүү учурунда Жээнбеков эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуудагы келечектүү багыттарды талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, инвестицияларды тартуу тармактарындагы алакалардын келечеги талкууланды.
Добавить комментарий ×