Тажик жараны кыргыздарга кайрылып, Манастын аялы тажик болгонун эскертти

15 марта 2019 15:45 2569 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстандын жараны Диловар Сафаров кыргызстандын элине видео кайрылуу жөнөткөнү Facebook социалдык тармагына тарай баштады.

Dfilm company баракчасында жарыяланган видеодо ал кыргыз элине төмөнкүдөй кайрылган:

“Тажикстан менен Кыргызстан бир үзүм жер үчүн чатакташканын тарыхта болгон эмес. Бүгүн биз кенедей жер үчүн бири-бирибизди өлтүрүп жатабыз. Силер биз сыйлагандай эле биздин аталарбызды, чоң аталарыбызды сыйлагыла. Сиздер-улуу Манастын урпактарысыздар, анын жубайы тажик болгон. Бир туугандар! Дүйнөдө эки күч бар- кылыч жана акыл, аларды унутпаңыздар. Көп учурда акыл кылычты жеңип коет. Биз башкалар үчүн-азиаттарбыз. Биз бир үй-бүлөбүз. Биздин үй-бүлөдө чатак болсо тынч жашай албайбыз”,-деп айтты  Диловар Сафаров.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-zharany-kyrgyzdarga-kajrylyp-manastyn-ayaly-tazhik-bolgonun-eskertti



Добавить комментарий