Тазалыкчылар "Ала-Тоо" аянтын түнкү үчкө чейин тазалашты
Поделиться в:
Бишкек шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордук "Ала-Тоо" аянтын түнкү үчкө чейин тазалашты.
Аталган мекеменин маалымат кызматынын билдиришинче, 31-декабрдан 1-январга караган түнү борбордук аянттан 3 тонна таштанды чыгарылган.
"Тазалоо иштерине жалпысынан 60 кызматкер жана беш атайын техника тартылган. Ошондой эле желим 20, темир 10 таштанды урнасы орнотулган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 31-декабрда кечинде "Ала-Тоо" аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/tazalykchylar-ala-too-ayantyn-tnk-chk-chejin-tazalashty
Добавить комментарий ×