«Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери Өтмөк ашуусунда тазалык акциясын өткөрүштү
Өтмөк ашуусунда 5-июнь күнү «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери жол жээгин тазалашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай тазалык акциялары дагы уланат.
"Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата тазалык акциясын уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн. Кызматкерлер баары өз каалоосу менен жаратылышка пайда келтирүү максатында катышып жатышат. Кээ бирөөлөр жубайлары менен келишти.
Бул Өтмөк ашуусу Таласка баруучу жол болгондуктан жергиликтүү тургундар жана коноктор өтөт. Биз тазалап жаткан учурда жолдо кетип бара жаткан жүргүнчүлөр токтоп, ак батасын берип жатышты. Бул бир аз болсо да, экологияны сактоого салым болот деп ойлойм. Биздин компания айлана-чөйрөгө өзгөчө көңүл буруп келет. Мындай иш-чаралар болуп келген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, тазалык акциясына 70тен ашык кызматкер катышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-kyzmatkerleri-tazalyk-akciyasyn-tkrsht
Добавить комментарий ×