Таштандыда жатып жан кирген балапандар. Видео

11 июнь 2018 20:00 3236 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Грузиянын Марнеули шаарындагы тоок фабрикасынын жумушчулары жумурткаларды жараксыз деп, таштандыга ыргытышкан. Таштандыдагы климаттын жагымдуулугу жумурткадан балапандардын пайда болушуна өбөлгө түзүп жүздөгөн балапан таштандыны бойлоп чуркап жүргөнүн жергиликтүү тургун өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялаган. 
 РИА Новости агенттиги маалыматына караганда, Марнеули шаарынын мэри Тимур Абазов: "менин билишимче жумуркалар жарактан чыкты деген бүтүм менен тоок фабрикасы көптөгөн жумуркаларды таштандыга ыргытышкан. Андагы абал тоок балапан басып чыгарчудай болгондуктан, жумурткадан жөйжөлөр пайда болушту. Көптөгөн жергиликтүү тургундар балапандарды азыр үйүндө багуу үчүн алып кетип жатышат” – деп билдирген.  





..

Ссылка: https://barometr.kg/tashtandyda-zhatyp-zhan-kirgen-balapandar-video



Добавить комментарий