Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп, 500 тоок күйүп кеткен

17 марта 2021 13:40 2068 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп, анын кесепетинен 500 тоок күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, өрт кырсыгы 17-март күнү саат 03:45 чамасында Кызыл- Кыя шаарындагы Кыргызская көчөсүнүндөгү турак үйдө болгон. 

"Өрттү өчүрүүгө Кызыл- Кыя шаардык №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 03:59да чектөөгө алынып, 04:42 де толугу менен өчүрүлгөн. 

Өрттүн кырсыгынан 1 кабатту бастырманын 40 чарчы метр жери күйгөн. Мындан тышкары, сарайдын ичинде 350 тоок,150 жөжө болгон. Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес", - деп айтылат маалымтта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-kyya-shaarynda-saraj-rttnp-500-took-kjp-ketken



Добавить комментарий