Ташкенттен Бишкекти көздөй келе жаткан учак "Манас" аэропортуна коно албай кайта учуп кетти

24 января 2020 08:58 1393 Barometr
Поделиться в:
ok

"Өзбекстан аба жолдору" компаниясынын Ташкент – Бишкек багыты боюнча учкан Airbus 320-214 учагы тумандан улам "Манас" аэропортуна коно алган жок. Бул тууралуу "Новости Ташкентского небо" телеграм каналында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, тумандан улам 100 метр гана жер көрүнгөн.

Андыктан экипаж кайта Ташкентке кайтуу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек 23-январда "Манас" эл аралык аэропортун коюу туман каптап, каттамдар бир нече саатка токтотулган.  Кечке жуук туман тарап, абал жакшырганда аэропорт кадимки тартипте иштей баштаган

Ссылка: https://barometr.kg/tashkentten-bishkekti-kzdj-kele-zhatkan-uchak-manas-aeroportuna-kono-albaj-kajta-uchup-ketti



Добавить комментарий