Ташиев: Каза болгон жана жаракат алган аскерлерибиздин саны абдан көп

16 сентября 2022 23:37 4948 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан каза болгондор абдан көп. Азырынча каза болгондорду тактоо иштери жүрүп жатканын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу түз эфир учурунда билдирди.

Учурда, 16-сентябрь саат 23:00го карата ок атышуу токтоп турганын кабарлады.

"Бирок, муну менен ок атуу толук токтоду деп айта албайм. Кырдаал абдан курч бойдон калууда. Түн кандай болорун эч ким билбейт.
Тажик тарап төрт кыргыз айылын басып алган. Биз эки айылды өз көзөмөлүбүзгө алууга жетиштик. Ал эми, калган эки айылды алууга аракеттер жүрүп жатат.
Биз колубузда болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабыз.
Жоготуулар абдан көп. Жаракат алгандардын саны да көп. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын көбү аскер кызматкерлери. Анткени, биз жай тургундарды коопсуз жайларга чыгарып кетүүгө үлгүргөнбүз.
Каза болгондордун санын тактоо жүрүп жатат.
Учурда, чек арада аскер кызматкерлери гана салгылашып, мамлекеттин бүтүндүгүн коргоп турушат", -деди Ташиев.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-kaza-bolgon-zhana-zharakat-algan-askerleribizdin-sany-abdan-kp



Добавить комментарий