Ташиев: Барак эксклавы Өзбекстанга өтүп кеткен

26 марта 2021 15:39 2645 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу чечимде бир тарап утушка ээ болду деп айтуунун өзү туура эмес" деди.
Маалым болгондой, Барак эксклавы тууралуу алмашуулар болгон.

"Барак эксклавы боюнча 2017-жылы сүйлөшүүлөр болуп, Өзбекстанга өтүп кеткен. Анын ордуна, өзбек тарап бизге Кара-Суудан жер берген. Барак эми эксклав эмес толук Өзбекстандын жери", - деп билдирди Ташиев.

Белгилей кетсек, Барак Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз эксклавы болгон.

Барак эксклавы Оштун Кара-Суу районуна карап келген. Чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган.


Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-barak-anklavy-zbekstanga-tp-ketken



Добавить комментарий