Таш-Көмүрдө 7 жашар бала дайынсыз болуп изделүүдө

20 июня 2023 15:57 697 Barometr
Поделиться в:
ok

Таш-Көмүрдө 7 жашар бала дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 15- июндан бери Таш-Көмүр шаарынын 7 жаштагы тургуну изделүүдө.

“Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине   ӨКМден жалпы 26 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 14 адам тартылды”, -деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек 2023-жылдын 15-июнь күнү, саат 10:30 чамасында Жалал-Абад облусунун  Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну 2016-жылы туулган  Н.Т.  аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын жана анын Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымдалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/tash-kmrd-7-zhashar-bala-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий