Россия Өзбекстан менен Тажикстанга курал жеткирүүнү көбөйтүүдө

6 августа 2021 13:36 1442 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Афганистандагы конфликт курчуган маалда Борбор Азияга курал жеткирүүнү көбөйтүүдө. Бул мүмкүн болуучу террористтик коркунучутарды четттетиш үчүн зарыл. Мындай маалыматты Коммерсантъ басылмасы жарыялаганын “Барометр” билдирет.

“Аскердик техникалык көмөктүн алкагында кошумча куралдарды, техникаларды жана аскердик мүлктөрдү жеткирүү уюштурулууда”,-деп билдирди Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Коргоо күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовго шилтеме берүү менен.

Ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандын аймагында биргелешкен машыгууларды өткөрүү пландалып жатат.

Эскерте кетсек, Афганистандагы жагдай АКШ менен НАТО өз аскерлерин алып чыгып жаткандыктан улам курчуп кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-zbekstan-menen-tazhikstanga-kural-zhetkirn-kbjtd



Добавить комментарий