Таласта сууга чөгүп кеткен баласын куткарам деп артынан түшкөн эне да кошо чөгүп кеткен

14 февраля 2021 21:28 3025 Barometr
Поделиться в:
ok

Таласта көлмөгө түшүп кеткен баласын куткарам деп артынан кошо түшкөн эне да бала да сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр билдирет.  

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 14-февралда Талас облусунун Арал айылында болгон.

“Көлмөгө 2018-жылы туулган С.Б. чөгүп кеткен. Баланын 1996-жылы туулган Б.А. аттуу апасы баланы куткарам деп артынан тушүп, кошо чөгүп кеткен. Баланын атасы уулунун жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине Талас райондук  Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучусу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-suuga-chgp-ketken-3-zhashar-balasyn-kutkaram-dep-artynan-tshkn-ene-da-kosho-chgp-ketken



Добавить комментарий