Адаттан тыш окуя. Таласта бактын башына чыгып кеткен илбирс элди дүрбөттү. Видео
Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургундары өзгөчө окуяга туш болушту. Атап айткада ал жакта жапайы илбирс бакка чыгып кетип, элдин үшүн алган.
Социалдык тармакта тараган видеодо милиция кызматкери бактын башында отурган илбирсти көрсөтүп, балким ал жарадар болушу ыктымалдыгын айтып жатканын көрүүгө болот.
Жерине Таластын мергенчилер департаментинин өкүлдөрү чакырылган.
"Жарадар болсо аны кармап туруп, реаблитациялык борборго жөнөтөбүз. Эгер жарадар болбосо аны тоону көздөй кубалап кетиребиз", — дейт милиция кызматкери.
Бирок бул учурда кадр артындагы адамдар жапайы илбирс тоону көздөй кетпей, айылды аралап кетсе эмне болот деп тынчсызданып жатканын угууга болот.
Айрымдары илбирсти аркан менен жерге алып түшүү керектигин айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/adattan-tysh-okuya-talasta-baktyn-bashyna-chygyp-ketken-ilbirs-eldi-drbtt-video
Добавить комментарий ×