Таласта бүтүндөй бир үй-бүлө иске ууланып, эки адам каза болду
Талас районунун Кара-Суу айылында бир үй-бүлө иске ууланып, эки адам каза болду. 2019-жылдын 20-февраль күнү Талас районунун Кара-Суу айылынын Оторбаев көчөсүнүн №133 дарегинде жайгашкан турак жайдын ээси үйдү жылытуу максатында чаканын ичине от жагып, бөлмөнүн ичин ис-түтүн каптаган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.
Үйдө 37 жаштагы айым 15 жана 6 жаштагы эки кызы жана 13 жаштагы бир баласы менен болгон. Түтүндүн кесепетинен 1982-жылы туулган И. Ф. аттуу айым 2004-жылы туулган кызы экөө каза болгон. 13 жаштагы баласы менен 6 жаштагы кызы кырсыктан жабыркаган. Каза болгондордун денеси туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми жабыркаган экөө облустук ооруканага жеткирилген.
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Талас райондук бөлүмүнүн 2 офицери, КР ӨКМнин Талас райондук №101 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу Пикап унаасы жана ИИМ кызматкерлери барышып куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-btndj-bir-j-bl-iske-uulanyp-eki-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×