Милиция: Таксист жоолукчан кызды зордуктоого аракет кылган

28 ноября 2018 16:10 3235 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Таксист жоолукчан кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына  шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя 24-ноябрда 01:30 дарда болгон. Кыз Бишкектеги кичи райондордун бирине үйүнө кайтып келе жаткан. Жеткирип коеюн деп токтогон таксиге үшүгөнүнөн улам олтурган. Андан соң таксист кызды чечиндирүүгө жана зордуктоого аракет кылган.

Бул окуя боюнча кыз арыз жазгандыгы айтылды жана сурак иштери улантылууда. 

Эске салсак, кечээ 27-ноябрда социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган жана ИИМ бул иш боюнча иликтеп, 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаранды камакка алган.


Ссылка: https://barometr.kg/taksist-zhoolukchan-kyzdy-zorduktoogo-araket-kylgan



Добавить комментарий