Тайванда поезд кырсыгынан 40ка жакын адам каза болду
Тайванда поезд кырсыкка учурап, 40 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Тайвандын Борбордук маалымат агенттигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин, төртөө каза болуп, 23 адам жаракат алганы кабарланган.
"Кырсык, кеминде 40 адамдын өмүрүн алганы аныкталды. 72 адам кырсык блгон жерде камалып калган. 61 адам ооруканага жаткырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Кырсык бүгүн, 2-апрелде эртең менен Хуалян округундагы бөлүктүн туннелинде болгон. Поезд сегиз вагондон туруп, 350 жүргүнчүгө ылайыкталган. Кырсыктын кесепетинен экинчи жана үчүнчү вагондор рельстен чыгып кеткен. Калган вагондор катуу жабыркаган, көптөгөн адамдар кырсыкка кабылган вагондордун астында калып калышкан.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, кырсык жолдорду таштардан тазалап жаткан техника менен поезддин кагылышуусунан улам болгон
Ссылка: https://barometr.kg/tajvanda-poezd-kyrsygynan-40ka-zhakyn-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×