Таиландда түрмөлөр туристтер үчүн эшигин ачты
Таиланддын Жаза аткаруу министрлиги абактарды туристтик жайларга айлантууну көздөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.
Өлкө боюнча 72 абакты туристтик аймакка айлантууну пландалып жатат.
Өлкөнүн юстиция министри Сомсак Тхепсутиндин айтымында, ал жактарда "шеф-повар жана барлар" үчүн кулинардык конкурстар өтүп, жаңы ачылган дүкөндөн кардарлар абактагылардын колунан чыккан буюмдарды ала алат.
"Бул план ушул тапта беш абакта ишке ашырылып жатат. Көңүл ачуунун ар кандай түрлөрү сыноодон өттү. Маселен, "темир тор артындагы ашпозчулар" деген бар. Ал кесипти жайылтууну, жазасын өтөп жаткандарды кадимки жашоого кайтарууга даярдоону жана абак мекемесинин идимжин өзгөртүүнү көздөйт", — деген Тхепсутин.
Долбоор 2021-жылга чейин кеңейтилери айтылат. Жалпысынан 72 абак жайлары же өлкө боюнча 143 түрмөнүн жарымы туристтерди кабыл алмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/tailandda-trmlr-turistter-chn-eshigin-achty
Добавить комментарий ×